Австриялык ишкерлер КР айыл чарба, жол куруу жаатындагы коммерциялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Новости
12-Август 2021-ж.
3634

2021-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде Министрдин орун басары Жарасул Абдураимовдун Нур-Султан ш. резиденциясы менен Австриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Вилли Кемпель менен жолугушуусу болуп өттү. 


Жолугушуунун алкагында тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык жаатындагы кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын белгилешти.


Ж.Абдураимов Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы жөнүндө айтып берди жана транспорт, саламаттык сактоо, машина куруу чөйрөсүндө жогорку технологиялар жаатындагы кызматташтыкты сунуштады. Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасында маалымат борборун курууга кызыкдар экенин билдирди.

Элчи мырза австриялык ишкерлердин Кыргыз Республикасында айыл чарба, жол куруу тармагындагы коммерциялык долбоорлорду ишке ашырууга болгон кызыгуусу жөнүндө маалымат берди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу