КР ЭКМ министрлигинин башчысы Япония тарапка туруктуу туризмди өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди

Новости
21-Ноябрь 2023-ж.
939

2023-жылдын 20-ноябрында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Японияга расмий сапарынын алкагында Япониянын Туристтик операторлор уюмунун (JATA) башчысы Кунихару Эбина мырза менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев сөз сүйлөп, Япония тарапка туруктуу туризмди өнүктүрүүгө, дүйнөлүк маданий мурас объекттерин сактоого, адам ресурстарын көбөйтүүгө, Кыргыз Республикасындагы туризм тармагындагы долбоорлорду .жана эл аралык туризмди өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы кыргыз-япон достугуна жана кызматташтыктын кеңири спектринде өз ара аракеттенүүнү системалуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.

Япониянын кереметтүү жана өтө кооз жаратылышы бар, ал жерде токойлордун ар кандай түрлөрү, жанар тоо тектүү кооз тоолор жана коруктар бар.

Кыргызстан ошондой эле кайталангыс кооз тоолор менен капчыгайлардын мекени, ошондой эле Борбордук Азиянын бермети – Ысык-Көл менен сыймыктанат.

Биздин өлкөлөрдүн табигый маалыматтары туризм тармагындагы өз ара аракеттенүү үчүн эң сонун негиз түзөт. Туризм дээрлик ар бир өлкөнүн экономикасынын маанилүү бөлүгү экендиги жалпыга белгилүү чындык. Биздин өлкөлөрдүн оригиналдуу жана кайталангыс маданияты жана салттары дүйнөнүн бардык бурчунан келген изилдөөчүлөрдү, туристтерди жана саякатчыларды өзгөчө кызыктырат. Буга байланыштуу министр туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маданий-гуманитардык байланыштарды жана элдердин достугун чыңдоого гана эмес, эки өлкөнүн маданий жана руханий баалуулуктарды сактоого жана жайылтууга да чоң салым кошоруна ишенимин билдирди.

Бүгүнкү күндө тараптар жапон коомчулугунун көңүлүн Жибек Жолунун маданиятына, тарыхый мурастарына, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас объектилерине кыргыз элинин маданияты жана тарыхы, Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү аркылуу буруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду туризм тармагында бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууну демилгелеген. Бишкектин түштүгүндө жыл бою иштей турган “Байтик Тоо-Рейорт” ири эс алуу жайын куруу пландалууда. Жалпысынан 15 км асма жолдор, 50 кмден ашык лыжа трассалары жана жолдору, 5 мейманкана курулат. Эс алуу аймагы күнүнө 10 миңге чейин конокторду кабыл ала алат, ал эми жылына келгендердин саны бир миллионго жакын адамды түзөт.

Ошондой эле, Ысык-Көлдө спорттун 30дан ашык түрүн – биринчи кезекте кайык менен сүзүү жана сууда сүзүү, жеңил атлетика жана оор атлетика, күжүрмөн күрөш боюнча олимпиадалык деңгээлдеги спортчуларды даярдоо үчүн бардык шарттары бар «Тосор эл аралык спорт комплекси» заманбап спорт комплексин куруу пландалууда.  Бул жерде суу спорт борбору, 400 метрлик ачык атлетикалык стадион жана спортчулар машыгып гана тим болбостон, реабилитациядан да өтө турган көп спорттук комплекс болот.

Мындан тышкары «Үч чоку» бардык мезгилдүү тоо туристтик курортунун дагы бир масштабдуу долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул долбоор Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда (Ак-Булак, Жыргалаң, Боз-Учук) тоо лыжа базасын курууну карайт.

Бул жана башка долбоорлор туруктуу туризм, маданий өзгөчөлүктү жана иденттүүлүктү сактоо принциптеринин негизинде ишке ашырылууда», - деп билдирди министр Д.Амангелдиев.

Маалымат иретинде:

2023-жылдын январынан сентябрына чейин Япониядан Кыргыз Республикасына 2383 адам келген (2022-жылдын 9 айында – 918 адам, 2021-жылы – 415 адам). Япониядан келген жарандардын саны 2022-жылдын тогуз айына салыштырмалуу 2023-жылы 1465 адамга көбөйгөн. Японияда Кыргыз Республикасын маркетингдик илгерилетүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча Япониядан келген жарандардын саны пайыздык мааниде 2023-жылы 160%га өскөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу