Кыргыз Республикасы менен Нидерланд Королдугунун ортосунда киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Новости
06-Декабрь 2023-ж.
1046

2023-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасы менен Нидерланд Королдугунун ортосунда Киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы, анын ичинде Нидерланд Королдугу 35 мамлекет менен кош салык салууну болтурбоо боюнча келишимдерди түзгөн.

Макулдашуунун негизги максаты ар кайсы өлкөлөрдө бирдей салыктар менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине кош салык салууну жоюу болуп саналат.

Белгилей кетсек, кош салык салуу боюнча макулдашуулар республиканын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуунун каражаты катары да каралат.

Мындан тышкары, Макулдашуунун негизги максаттары бир мамлекеттин резидентин башка Келишим түзүүчү мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык төлөөдөн качууну же Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо жана келишим түзгөн мамлекеттердеги Макулдашуунун компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу