КР ЭКМ башчысы Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында Азербайжанга учуп кетти

Новости
19-Апрель 2022-ж.
1830

2022-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегациянын курамында Азербайжанга учуп кетти.


Маалым болгондой, мамлекет башчынын иш сапарынын алкагында Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, жергиликтүү бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу болот.


Саясий, экономикалык, маданий жана башка тармактарда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат, ошондой эле бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу