КР ЭФМ Биринчи орун басары Д.Ш. Иманалиев Корея Республикасынын бизнес-делегациясы менен жолугушту.

Новости
13-Июль 2021-ж.
3507

Бүгүн, 2021-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин Биринчи орун басары Д.Ш. Иманалиев Корея Республикасынын бизнес-делегациясы менен жолугушту. Түштүк Кореянын делегациясынын курамында BioSmart-Group корпорациясынын төрагасы Пак Хи Рин, KT компаниясынын президенти Ку Хён Мо мырза жана GS Retail компаниясынын президенти Чо Юн Санг мырза болгон.

Тараптар Кыргыз Республикасынын экономикалык потенциалын өнүктүрүүдө корей бизнесинин катышуу мүмкүндүгүн талкуулашты.

Маектешүүнүн жүрүшүндө кызматташуунун келечектүү багыттары каралды, тактап айтканда, сөз зымдуу жана зымсыз телебайланыш кызматтарын колдонуу, банк, төлөм секторунда жаңы технологияларды киргизүү жана «Акылдуу шаар» долбоору менен бирге МКТ тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө болду.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөр Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, айыл чарба азыктарын экспорттоо, фармацевтикалык жана косметикалык продукцияларды өндүрүү боюнча бизнес-долбоорлорду илгерилетүү боюнча биргелешкен пландарга жана Кыргыз Республикасында медициналык туризмдин өнүгүү келечегине байланыштуу болду.

Д.Ш. Иманалиев Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Маалымат:

BioSmart Group

Компаниянын жүгүртүүсү: 400 млн. АКШ долл.

BS Group кызматкерлеринин саны: 1000 кызматкер

Компания 4 багыт боюнча иш алып барат: энергетика, төлөм сектору, саламаттык сактоо сектору жана типография.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу