Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен кыргыз-афган комиссиясын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюлду

Новости
18-Апрель 2019-ж.
6614

2019-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасына Афганистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Салахуддин Раббани мырзанын сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-афган комиссиясын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Аталган Макулдашууга кыргыз тараптан КР Экономика министри Олег Панкратов, афган тараптан Афганистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Салахуддин Раббани мырза тарабынан кол коюлду.