Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык форумуна катышты

Новости
10-Сентябрь 2020-ж.
3355

2020-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Форумуна катышты.

КМШ экономикалык форуму Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары С. Умурзаковдун төрагалыгы алдында, ошондой эле КМШ Аткаруу комитетинин колдоосунда өткөрүлгөн жана Шериктештикке мүчө мамлекеттердин бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн ортосунда соода, инвестиция, финансы, өнөр жай кызматташтыгы, транспорт жана логистика боюнча түз диалогду орнотуу үчүн авторитеттүү аянтча болууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелери, ошондой эле Шериктештик мейкиндигиндеги транспорттук-логистикалык тармакта кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты

Форумдун күн тартибине ылайык, КМШ өлкөлөрүндө Covid-19 коронавирус пандемиясынын контекстинде соода-экономикалык, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын чыңдоо, электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн келечеги жана санарип технологияларын, онлайн соода аянтчаларын жана кызматтарын андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Шериктештик мейкиндигиндеги транспорттук-логистикалык тармакта кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу