КР менен Ирандын энергетика, транспорт, мунай жана газ министрлери соода-логистикалык борборлорду куруу жана транспорт коридорун өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлордо кызматташууну тереңдетүүгө даяр

Новости
26-Октябрь 2023-ж.
1358

2023-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Ирандын Биринчи Вице-Президенти Мохаммад Мохбер менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу мксатында КР Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында КР Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, КР Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Иран Ислам Республикасынын Мунай жана газ министри Джавад Овжи мырза жана Ирандын транспорт жана шаар куруу министри Мехрдад Базрпаш мырза менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт, мунай жана газ маселелерин тейлеген ведомстволордун жетекчилери энергетика, өнөр жай жана транспорт тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Эки тарап кызматташууну тереңдетүүгө, анын ичинде чийки зат менен камсыздоо, соода-логистикалык борборлорду куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, транспорт коридорун өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар делегациялардын өз ара иш сапарларынын алкагындагы маселелердин үстүндө иштөөнү улантууга макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу