Кыргыз Республикасынын Экономика министринин Өзбекстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушуусу болду

Новости
11-Сентябрь 2020-ж.
3183

2020-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Экономика министри Санжар Муканбетовдун Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирсабирович Мирзахидов менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык деңгээлин өнүктүрүү мүмкүндүгүн белгилешти жана эки өлкөнүн аймактарында, ошондой эле эки мамлекеттин чек ара аймактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода жана инвестициялар тармагында өз ара кызматташууну көбөйтүү боюнча сунуштар айтылды.

Мындан тышкары тараптар 9 - кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов  ушул жылдын күз айларына пландаштырылып жаткан Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын тогузунчу жыйынынын Протоколунун бириктирилген долбоорун иштеп чыгуу иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле Тараптар кызматташуунун көйгөйлүү маселелерин талкуулашты жана аларды чечүү жолдорун өкмөттөр аралык комиссиянын аянтчасында иштеп чыгууну макулдашышты. Ошол эле учурда, Тараптар жогорку деңгээлдеги видеоконференция форматындагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугун белгилешти, бул оң натыйжаларды алып келип, коронавируска каршы күрөшүү боюнча карантиндик иш-чараларга байланыштуу азыркы шартта мамилелерди динамикалуу өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылыгын билдиришти жана эки тараптуу мамилелердин мындан аркы жана жемиштүү өнүгүшүнө болгон үмүт билдиришти.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу