Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгрия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны жөнүндө

Новости
25-Сентябрь 2019-ж.
3974

2019-жылдын 24-сентябрында экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгрия өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өттү. Кыргыз тараптан төрага - Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов, венгрия тараптан - Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Тамаш Менцер.

КР Экономика министри С. Муканбетов өз сөзүндө, эки өлкөнүн кызматташуусунда Кыргыз-Венгрия мамилелерин интенсификациялоо үчүн бардык өбөлгөлөр бар, ушуга байланыштуу эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык байланыштарга импульс берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда соода алмашуунун деңгээлин жогорулатуу үчүн Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгү жакшы инструмент болуп калат, - деп белгиледи.

Ошондой эле министр эки өлкөнүн өкмөттөрү экономикалык өсүштү, дүйнөдө ортодон кем эмес жашоо сапатты жана атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүү, экономиканы диверсификациялоо, өндүрүштү, ошондой эле эки элдин тарыхый жана маданий жакындыгын өнүктүрүүнү камсыздоо сыяктуу экономикалык максаттарды бириктирээрин билдирди.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын аймагындагы биргелешкен ишканаларды ачуу, Венгриянын ЖОЖдорунда кыргыз студенттерин окутуу үчүн стипендиялык квоталарды көбөйтүү сыяктуу эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин карап чыгышты, ошондой эле стандартташтыруу жана метрология, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, өнөр жай жана курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөлөрүндө, ошондой эле финансылык жана банк секторлорунда тажрыйба алмашуу боюнча келишимдер түзулдү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын жана Венгриянын Эксимбанкынын Инвестицияларды илгерилетүү, коргоо боюнча агенттигинин өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Жыйынтыгында тараптардын тең төрагалары тарабынан Протоколго кол коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу