Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт комиссиясынын 2-жыйыны жөнүндө

Новости
19-Сентябрь 2019-ж.
3911

2019-жылдын 17-19-сентябрларында КР Финансы министри Бактыгүл Жеенбаеванын төрагалыгы алдында экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт комиссиясынын 2-жыйыны болуп өттү. 

Кувейт тарабынан аталган комиссиянын тең төрагасы болуп Кувейт Мамлекетинин Финансы министри Наиф Фалах Аль Хаджраф саналат.

ӨАК жыйынынын жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасы менен Кувейт мамлекетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуунун кыйла актуалдуу багыттарын, ошондой эле соода, айыл-чарба, энергетика, билим берүү, илим, туризм, саламаттык сактоо, маданият ж.б. тармактарда өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү иштеп чыгышты жана талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Комиссиянын ишинде Катчылык катары сөз сүйлөдү.

Кыргыз Тарап Кыргыз айыл чарба продукциясынын баасынын жеткиликтүүлүгүн жана жогорку сапатын өзгөчө белгилөө менен Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кувейт тарапка маалымат берди. Ушуга байланыштуу Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттешүүсүн активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Талкуунун жыйынтыгында Тараптар авиа билдирүүлөрдү ачуу, бизнес форумдарды, көргөзмөлөрдү жана ишкер жолугушууларды өткөрүү, “Адал-индустрия” чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү ж. б. маселелерин чечүүнү тездетүү жөнүндө макулдашышты.

Комиссиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча тараптардын тең төрагалары тарабынан Протоколго кол коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу