КР Экономика министри Кытай Эл Республикасынын элчиси менен Кыргызстанга мобилдик госпиталдын жеткирилишин жана “Торугарт” өткөрүү пунктунун ачылышын талкуулады

Новости
20-Июль 2020-ж.
3455

2020-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т. Муканбетовдун Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен видеоконференция режиминде жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КЭР Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен каржылануучу “мобилдик госпиталь” долбоорун ишке ашырууну тездетүү зарылдыгын талкуулашты. 

Ду Дэвэнь айым айым аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, долбоорду алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле видеоконференцбайланыш сессиясынын жүрүшүндө кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт” контролдоо-өткөрүү пунктунун ачылышын тездетүү маселелери талкууланды.

Кытай тарап жогоруда аталган контролдоо-өткөрүү пунктун тез арада ачууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары жемиштүү кызматташууга болгон үмүтүн билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу