Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү жөнүндө

Новости
16-Сентябрь 2019-ж.
3719

Бүгүн, 2019-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Санжар Муканбетов Түркмөнстан өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Александр Дадаев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашып, Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган учурдагы потенциалды белгилешти жана ошондой эле биргелешкен күч-аракеттер жумшала тургандыгына үмүт артарларын билдиришти, ошол эле учурда, Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө тараптардын кызыкдарлыгы баса белгиленди. 

Тараптар өз ара соода көлөмүн көбөйтүү үчүн маанилүү потенциалдын болушун баса белгилешти жана бул багыт боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгын баса белгилешти.

Дадаев мырза дизайнерлик таштарды (мрамор) колдонуу менен Түркмөнстандын стандарттары жана дизайны боюнча Бишкек шаарынын аймагына Соода үйүн куруу маселелерин Түркмөнстан тарап карап жаткандыгын маалымдады. Соода үйүнүн жогорку кабаттарында турак-жай (көп кабаттуу батир) куруу пландалууда.

Ошондой эле, энергетика жаатындагы, анын ичинде Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясын, газды, мунайды жана мунайзаттарын алып келүү боюнча кызматташуу мүмкүндүгү жөнүндө маселелер талкууланды.

Тараптар бүгүн Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-түркмөн өкмөт аралык комиссиясынын 4-жыйынынын алкагында эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди колдошту жана пландаштырылган маселелер боюнча тараптардын макулдашуусуна жетишилерине ишеним билдиришти.

Мындан тышкары, Тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоого мүмкүн болгон күч-аракеттерин жумшай тургандарын белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу