Экономика министрлеринин, соода жана мүчө мамлекеттердин бажы администрация башчыларынын, Түрк Кеңешинин байкоочуларынын видеоконференциясы жөнүндө

Новости
07-Май 2020-ж.
3661

2020-жылдын 6-майында Экономика министрлери жана мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын башчылары жана Түрк Кеңешинин байкоочу мамлекеттери экономикалык жана соода мамилелеринин учурдагы деңгээлин сактоо, коронавирустун мүчө өлкөлөрдүн экономикаларына терс таасирин азайтуу, пандемия учурунда жана андан кийин соода мамилелерин чыңдоо боюнча чараларды талкуулоо боюнча видеоконференция өткөрүштү.

Жыйын Азербайжан Республикасынын Экономика министри Микаил Джаббаровдун жетекчилигинде, Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреевдин, Өзбекстан Республикасынын вице-премьер-министри жана Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун, Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетовдун, Түркия Республикасынын Соода министри Рухсар Пеккандын, Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун, Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министри Руслан Даленовдун, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Торебаевдин, ошондой эле мүчө мамлекеттердин бажы администрация башчыларынын катышуусунда өттү.

Министрлер коронавирус пандемиясынан келип чыккан экономикалык көйгөйлөр жана ички жана тышкы соодадагы кыйынчылыктарды жеңүү үчүн улуттук деңгээлде көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө кеңири маалыматтары менен бөлүшүштү. Көп тараптуу аракеттерге байланыштуу министрлер мүчө мамлекеттердин тиешелүү органдары жана экономикалык, соода жана бажы маселелерине жооптуу байкоочу мамлекеттер менен Түрк Кеңешинин катчылыгы тарабынан координацияланган биргелешкен иш-аракеттер планын иштеп чыгууга макулдашышты.

Кеңешмеде каралган маселелердин катарына азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо чараларын иштеп чыгуу, Түрк Кеңешинин өлкөлөрүнүн ортосундагы керектүү товарлардын жалпы тизмесин иштеп чыгуу, фармацевтикалык жана медициналык товарларды кошкондо, ушул негизги товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштурууну тездетүү жана алдын ала кабарлоонун электрондук системасын түзүү жолу менен гуманитардык жардам көрсөтүү, ошондой эле ошондой эле импорттук салыктарды төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу кирет. Бул маселелердин алкагында тараптар негизги продуктыларды жеткирүүнү жеңилдетүү үчүн чек аранын өткөрүү пункттарында “жашыл коридорду” түзүү жана “жашыл тилке” системасын ишке киргизүү жөнүндө пикир алмашышты.

Министрлер 2020-жылдын 28-апрелинде “Жеткирип берүү тармагы боюнча топ” түзүүгө карата өткөрүлгөн Түрк кеңешинин саламаттык сактоо министрлеринин жыйынында кабыл алынган чечимди жактырышты жана бул демилге мүчө мамлекеттер муктаж болгон дары-дармектерди, медициналык жабдууларды ж.б. биргелешип өндүрүүгө түрткү берээрин баса белгилешти.

Кеңешменин жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугу күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири болду жана жана тараптар Түрк Кеңешинин колдоосу менен азык-түлүк коопсуздугуна көмөктөшүүчү көп тараптуу кызматташтык механизмдерин түзүүнү чечишти.

Тараптар Катчылык сунуш кылган өнөр жай зоналарын, технопарктарды жана соода үйлөрүн түзүү сыяктуу жаңы кызматташуу долбоорлорун да толугу менен колдошту.

Министрлер Түрк инвестициялык фондун түзүүнүн учурдагы процессин тездетүүнү, ошондой эле бул максатта министрлердин орун басарларынын деңгээлинде Координациялык комитетти түзүүнү кабыл алышты.

Кеңешмеде мүчө мамлекеттердин ортосундагы соодада улуттук валюталарды колдонууну колдоого жана сооданы жеңилдетүү үчүн жалпы стратегияны аныктоого өзгөчө көңүл бурулду, ал бажы жол - жоболорун жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет, аралаш ташууларды орточо коридордо стимулдаштырат жана “Баку-Тбилиси -Карс” темир жолун натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат.

Мындан тышкары, министрлер мүчө мамлекеттер менен байкоочу мамлекеттердин ортосундагы кызматташууга, айрыкча пандемиядан кийин санариптик экономика жаатында жана электрондук соода чөйрөсүндө кызматташууга мындан ары көмөктөшүү жолдорун талкуулашты жана ушул багытта биргелешкен программаларды иштеп чыгууга макулдашышты.

Министрлер Венгриянын Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин компаниялары ортосунда өнөктөштүктү түзүү аркылуу Европанын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын иштеп чыгуу сунушу менен макул болушту.

Министрлер жыйында кабыл алынган чечимдердин негизинде жүргүзүлө турган программалардын жана долбоорлордун алкагында Түрк соода-өнөр жай палатасынын потенциалын жана тажрыйбасын пайдалануу керектигин баса белгилешти.

Министрлер Түрк кеңешинин өлкөлөрүндө экономикалык жана соода мамилелеринин учурдагы деңгээлин сактоо жана андан ары жогорулатуу жана пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жумшартуу максатында, жолугушуунун чечимдери “Түрк концепциясы 2025” чагылдырылышы керек экендигин баса белгилешти, ал азыркы учурда Катчылык тарабынан даярдалып жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу