КР Экономика жана коммерция министри жана Өзбекстан Республикасынын Вице-премьер министри - Инвестициялар жана тышкы соода министри кызматташуунун бардык тармактары боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү макулдашышты.

Новости
28-Апрель 2022-ж.
1928

2022-жылдын 27-апрелинде 2022-жылдын 25-27-апрелинде Ташкентте өткөн “Иннопром. Борбордук Азия” Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Өзбекстан Республикасынын Вице-премьер-министри – Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушту. 


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун деңгээлин өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалды белгилешти, экономикалык жана суу-энергетикалык кызматташууга басым жасоо менен мурда жетишилген макулдашууларды өнүктүрүүдөгү прогресс жөнүндө кыргыз-өзбек мамилелерин тереңдетүү жолдорун талкуулашты.


Мындан тышкары, тараптар өнөр жай кооперациясынын жаңы долбоорлорун жана соода келишимдерин иштеп чыгуу үчүн эки өлкөнүн жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун өз ара иш сапарларын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти.


Эки өлкөнүн өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба техникаларын, автоунааларды жана башка тармактарда өндүрүштүк кооперациясын кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды.


Энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде Кыргыз Республикасында чакан ГЭСтерди курууга, Камбар-Ата ГЭСинин долбоорун ишке ашырууга өзбек тараптын катышуусуна байланыштуу болгон маселелер иштелип чыкты.


Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 9-жыйынынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун учурдагы абалы жана үстүбүздөгү жылдын август айында боло турган Комиссиянын кезектеги отурумунун күн тартибине коюлган маселелер каралды.


Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун бардык каралып жаткан багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттер аныкталды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу