Кыргыз Республикасы менен Исландиянын ортосундагы товар жүгүртүү 2019 -жылы 0,005 миллион долларды түздү

Новости
13-Август 2021-ж.
4487

2021-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Улуттук залында министрдин биринчи орун басары Данияр Иманалиев Исландиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аурни Тор Сигурдссон мырза менен жолугушуусу болуп өттү

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусун кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Д.Ш.Иманалиев Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалы жөнүндө маалымат берди.

Маалымат үчүн

КР менен Исландия ортосундагы товар жүгүртүү 2019-жылы 0,005 млн. АКШ долларын, 2020-жылы 0,010 млн. АКШ долларын түзгөн, 2021-жылдын январь-март айлары - 0,166 млн.АКШ долларын түздү.

Иш менен камсыз кылуу структурасы боюнча Исландия өнөр жайы өнүккөн өлкөлөргө кирет: 7,8% айыл чарбасында, 22,6% өнөр жайда жана 69,6% эмгекке жарамдуу калктын тейлөө тармагында. 2007-жылы Исландия БУУ  тарабынан жашоо үчүн мыкты өлкө катары таанылган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу