КР ЭКМ менен Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Новости
25-Январь 2024-ж.
859

2024-жылдын 24-январында Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен  Афганистандын тышкы иштер министринин  милдетин аткаруучу Амир Хан Муттакинин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого арналды.

Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу   бийик тоолуу аймактарда жашаган жана Герат провинциясындагы катуу жер титирөөдөн жапа чеккен ооган элине көрсөтүлгөн гуманитардык жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Министрлер соода, инвестиция, транспорт жана энергетика сыяктуу түрдүү тармактардагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Алар өз ара пайданы камсыз кылуу үчүн экономикалык чөйрөдө байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Тараптар Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү эки өлкөнүн элинин бакубаттуулугун жогорулатууга көмөктөшөөрүнө ишеним артышты.

Соңунда министрлер эки өлкөнүн кичи жана орто бизнесин колдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле тараптардын бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү зарылдыгын белгилешти.

Ошону менен бирге Ооганстандын Соода-өнөр жай палатасына Кыргыз Республикасынын өнөр жай жана өндүрүш тармагындагы, текстиль өнөр жайындагы, ошондой эле эт жана эт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү тармагындагы ишканалары тааныштырылды. Кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү, өндүрүштүк кубаттуулуктары жана эки тараптуу ишкер байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат менен бөлүшүштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу