Хубэй провинциясынын, КЭРдин жана кыргыз-кытай соода-инвестициялык палатасынын чай импорттоо жана экспорттоо палатасы ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Новости
19-Ноябрь 2019-ж.
3819

2019-жылдын 18-ноябрында КР Экономика министрлигинин чоң залында КЭР Коммерция департаментинин директору Цинь Цзюнь баштаган Кытай Эл Республикасынын Хубэй провинциясынын делегациясынын расмий иш сапарынын алкагында иш-чара өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү максатында жолугушуу болду, анда КР Экономика министри Санжар Муканбетов кытай тарап менен мындан аркы кызматташуу жөнүндө сөз сүйлөдү.

Өз кезегинде Кытай тарап кыргыз тарап менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын бизнес чөйрөсү тарабынан презентациялар көрсөтүлдү: “Кут дарак” ЖЧК, Өнөр жайлык курулуш боюнча Корпорациясы, Эл аралык экономикалык кызматташтык боюнча компаниясы, Курулуш жана инженер боюнча компаниясы, Хубэй провинциялары жана “И Шэн” биотехнологиялар боюнча компаниялары.

Иш-чаранын жыйынтыгында өз-ара пайдалуу кызматташуунун максатында эки документке кол коюлду:

- Хубей провинциясынын, КЭРдин коммерция департаменти менен КР Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык тууралуу Меморандум;

- Хубэй провинциясынын, КЭРдин жана кыргыз-кытай соода-инвестициялык палатасынын чай импорттоо жана экспорттоо палатасы ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандум.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу