Министр Д.Амангелдиев Казакстан Республикасынын Улуттук экономикасынын биринчи вице-министри Тимур Жаксылыков менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

Новости
28-Сентябрь 2023-ж.
1047

2023-жылдын 27-сентябрында ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрлеринин 22-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Казакстан Республикасынын Улуттук экономикасынын биринчи вице-министри Тимур Жаксылыков менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. 


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Д.Амангелдиев Казакстан менен Кыргызстанды достук жана бир туугандык бекем байланыштары бар экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү багыты жана эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын оң динамикасын сактоо багыты өзгөрбөстүгүн баса белгиледи. . Буга байланыштуу Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министринин биринчи вице-министри Тимур Жаксылыков жалпы чек арага ээ болгон боордош элдердин өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү зарылчылыгында объективдүү факторлордун бар экендигине токтолуп, мындан тышкары, ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүнө жооптуу министрлеринин 22-кеңешмесинде жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.


Өз кезегинде министр Д.Амангелдиев биринчи кезекте казак-кыргыз өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарынын жана Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Аймактар аралык кызматташуусунун биринчи форумунун алкагында. 2023-жылдын 22-сентябрында Тараз шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаров жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри А. Смаиловдун эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн иштеп жаткан механизмдерине көңүл бурду.


Ошону менен бирге министр Д.Амангелдиев конструктивдүү диалогдун алкагында Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз Республикасына бара турган автотранспорт жана темир жол транспорту менен товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн тез арада чечүүгө үмүттөнөөрүн билдирди.


Жалпысынан тараптар бул жолугушуу кыргыз-казак экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө чоң салым кошот деген ишенимин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу