Министр Д.Амангелдиев ИМБДУнун жетекчисинин орун басары менен жолугушууда брендинг жаатындагы демилгелерди талкуулады

Новости
19-Май 2022-ж.
1559

2022-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Башкы директорунун орун басары Хассан Клейб менен жолугушту.


Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өндүрүүчүлөргө сапаттуу продукцияны өнүктүрүүгө, коргоого жана брендге чыгарууга көмөк көрсөтүүгө багытталган ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жана демилгелерди талкуулашты.


Министр Д.Амангелдиев Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштерди айтып өттү.


Ошону менен бирге министр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы жактырылгандыгы, ошондой эле креативдүү өндүрүштөрдүн паркын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.


Өз кезегинде ИМБДУнун Башкы директорунун орун басары Х.Клейб ИМБДУнун Академиясында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кыргызпатенттин үч адисин брендинг жана коммерциялаштыруу жаатында эксперт катары окутууну камтыган биргелешкен долбоорду ишке ашырууну сунуштады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу