ЭКМде Өзбекстандын делегациясы менен жолугушууда КР базальт буласын өндүрүүнү уюштуруу, фармацевтика жана гидроэнергетика тармагында кызматташуу маселелери талкууланды

Новости
20-Май 2022-ж.
1735

2022-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң залында министрдин орун басары Канат Абдрахманов менен Өзбекстан Республикасынын Реконструкциялоо жана өнүктүрүү фонду, Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттиги, «Өзбекгидроэнерго» ААК, «Узельтехсаноат» бирикмеси, «Узсаноаткурулушматериалдары» бирикмеси, «Узтекстильпром» бирикмеси, «Арт Софт Холдинг» текстиль холдинги тармактык ведомстволорунун жетекчилеринен турган делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун деңгээлин өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалды белгилешти, ишке ашыруу жолдору талкууланды.


Министрдин орун басары К.Абдрахманов белгилегендей, Кыргыз Республикасы кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын, өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө сактоого жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берет.


Өзбекстандык делегация менен жолугушууга ошондой эле Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев, «Кыргызиндустрия» ААК вице-президенти Жыргалбек Сагынбаев, «Легпром» ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов, ошондой эле «Тулеке» ЖЧКсынын жана «Бишкекшаарлифтинин” жетекчиси катышты.


КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева эки өлкөнүн өндүрүшчүлөрүнүн ортосундагы өнөр жай кооперациясына басым жасоо менен кыргыз-өзбек мамилелерин тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасында үзгүлтүксүз базальт буласын, Жалал-Абад областында текстиль жип ийрүүнү өндүрүүнү  уюштуруу, фармацевтика тармагында, гидроэнергетикада жана кызматташуунун башка перспективдүү багыттарында кызматташтыкты түзүү боюнча маселелерди талкуулашты.


Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун бардык каралып жаткан багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттер аныкталды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу