КР Экономика министри ЕРӨБ Директорлор кеңешинин мүчөсү менен Кыргызстандын ЕРӨБ алдындагы карызы боюнча маселелерди талкуулады

Новости
21-Июль 2020-ж.
3223

2020-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т. Муканбетовдун Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинин мүчөсү Кемаль Чагатай Имирги менен видеоконференция режиминде жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын ЕРӨБ алдындагы карызына тийиштүү маселелерди талкуулашты.

Атап айтканда, ЕРӨБгө Кыргыз Республикасынан башкаруучу катары КР Экономика министри тарабынан ЕРӨБ алдындагы учурдагы карызды тейлөө мөөнөттөрүн которуу боюнча жана Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалга байланыштуу резервация үчүн жыйымдарды эсептөөгө мораторий киргизүү маселелери айтылды.

Мындан тышкары, кыргыз тарап COVID-19 кесепеттерин жоюуда жеке сектордун ишканаларына колдоо көрсөтүү үчүн атайын каржы терезесин же суверендүү кредиттөө механизмин ачуу боюнча сунуштарын айтты. Кыргыз тарап бул демилгенин финансылык шарттары ЕРӨБдүн стандарттуу эгемендүү кредиттеринен узак мөөнөттүү жана жеңилдетилген мезгили, ошондой эле катталган пайыздык чендин төмөн болуу мүмкүндүгү менен айырмаланышы керектигин белгилеп өттү.

Өз кезегинде Кемаль Чагатай Имирги Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын Директорлор Кеңешинин жыйынында көмөк көрсөтүүгө жана кыргыз тараптын суроолорун жана сунуштарын айтууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары жемиштүү кызматташууга үмүт артаарын билдиришти.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу