КР Экономика министрлигинин статс-катчысы А.Ө. Шаршеев Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (International Fund for Agricultural Development) өлкөлүк директору Самир Биджауи менен жолугушту

Новости
25-Сентябрь 2020-ж.
3308

2020-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы А.Ө. Шаршеев Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (International Fund for Agricultural Development) (мындан ары - ЭАЧӨФ) өлкөлүк директору Самир Биджауи менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Ө. Шаршеев учурдагы экономикалык кырдаал жөнүндө айтып, орто мөөнөттүү келечекте экономикалык өнүгүүнүн келечегине, атап айтканда айыл чарба багытына токтолду жана ЭАЧӨФ өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде Биджауи мырза Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта тармактын өнүгүшүнө жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Жалпысынан ЭАЧӨФ айыл чарба жана ветеринария жаатында 108,68 миллион АКШ долларын түзгөн долбоорлорду ишке ашырууда.

Маалымат үчүн:

Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (ЭАЧӨФ) (International Fund for Agricultural Development) - 1974-жылдагы дүйнөлүк азык-түлүк конференциясынын чечими боюнча 1977-жылы түзүлгөн көп тараптуу финансылык мекеме - өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн айыл аймактарында ачкачылык жана жакырчылык менен күрөшүү маселелерин чечет.

ЭАЧӨФ насыялар жана гранттар түрүндө түздөн-түз каржылоону камсыз кылат, өз долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу үчүн кошумча ресурстарды тартат. ЭАЧӨФ Дүйнөлүк банк, региондук өнүгүү банктары, башка регионалдык кредиттик-финансылык мекемелери жана БУУнун мекемелери сыяктуу көптөгөн мекемелер менен иштешет. 

ЭАЧӨФ өкмөттөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук жардамдары, атайын төгүмдөр, кредиттерди төлөө жана инвестициялык кирешелердин эсебинен каржыланат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу