ЭКМде Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен ӨАК 13-жыйыны өтүүдө

Новости
19-Октябрь 2023-ж.
1586

2023-жылдын 19-20-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча  Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Ирандын айыл чарба министри Мохаммад-Али Никбахттын төрагалыгы алдында биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 13-жыйыны өтүп жатат.

2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахмановдун катышуусунда өткөн эксперттик жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуу маселелери талкууланууда.

Кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынынын жыйынтыгында Тараптар экономика, соода жана инвестиция, эркин экономикалык аймактар, айыл чарба, бажы, энергетика, транспорт жана логистика, илим, маданият жана туризм, экология, өнөр жай жана индустрия, халал индустриясы, ошондой эле аймактар аралык кызматташуунун маселелерин камтыган Протоколго кол коюшат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу