Анкарада өткөн бизнес форумда министр Д.Амангелдиев Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады

Новости
09-Февраль 2024-ж.
1021

2024-жылдын 9-февралынан 10-февралына чейинки мезгилде Түркиянын борбору Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин  Администрация Жетекчиси Акылбек Жапаров баштаган Кыргызстандын делегациясынын маанилүү иш сапары болуп жатат.. Бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык маанилүү диалогдун бир бөлүгү болуп калды.

Расмий сүйлөшүүлөрдү утурлай, 2024-жылдын 7-февралында соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын техникалык жыйынынын алкагында Тараптар соода, инвестиция, билим берүү, өнөр жай, маалымат технологиялары жана саламаттыкты сактоо, медицина тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын аныкташты. 

9-февралда эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн активдүү катышуусунда кыргыз-түрк бизнес форуму өттү. Форумдун жүрүшүндө КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын кеңири инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, салыктык артыкчылыктарды жана ишкерлерди мамлекеттик колдоону баса белгиледи.

Форумдун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү эки тараптуу сегиз маанилүү документке, анын ичинде кызматташуу келишимдери жана бизнес келишимдерине кол коюлду. Өзгөчө көңүл Кыргызстандан Түркияга жаңгак жеткирүү боюнча келишимге бурулуп, кыргыз өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы рыноктордун ачылышын камсыздайт. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да тереңдеп, түрдүү тармактарда кызматташуунун жаңы перспективаларын ачууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу