Кыргыз Республикасынын Экономика министри Чехиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушту

Новости
05-Октябрь 2020-ж.
3500

Бүгүн, 5-октябрда, Кыргыз Республикасынын Экономика министри Чехия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Рудольф Гикл менен жолугушту. Жолугушууга Чехия Элчилигинин экономикалык дипломаты Ольга Калинова жана Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев катышты.

Экономика министри Санжар Муканбетов элчини келе жаткан Чехия Республикасынын көз карандысыздык күнү менен куттуктап, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин тереңдешине кызыкдар экендигин билдирди.

С.Муканбетов биргелешкен инвестициялык фонд түзүү жана Вишеград Төрттүгүнүн алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 36 “2019-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамы кабыл алынгандыгын маалымдады. 

Элчи Рудольф Гикл эки өлкөнүн ведомстволор аралык кызматташтыгын жогору баалап, эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын алкагында Чехия элчилиги тарабынан жасалган иштерге токтолду.

Элчи Чехия тарап Ысык-Көл облусундагы саркынды сууларды тазалоочу жайлардын долбоорлорун каржылоону ачкандыгын айтты. Мындан тышкары, ал бүгүнкү күнгө чейин кыргыз ишкерлери “ВСП +” колдонуучусунун статусун, башкача айтканда, ЕС өлкөлөрүнө товарларды бажы салыгы жок экспорттоо укугун колдонууга даяр экендигин маалымдады. Булар травертин, органикалык айыл чарба продукцияларын, төө буурчак ж.б. жеткирип берүүчүлөр.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты координациялоо боюнча Биргелешкен жумушчу топтун алдыдагы экинчи жыйынын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдиришти жана эки тараптуу мамилелердин мындан аркы жемиштүү өнүгүшүнө болгон үмүтүн билдиришти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу