КР ЭКМ башчысынын орун басары Седжин Цзяньи компаниясынын башкармалыгынын төрагасы менен жолугушту

Новости
26-Январь 2024-ж.
633

2024-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов менен Седжин Цзяньи компаниясынын Башкармалыгынын Төрагасы  Кюнгёнг Ли мырзанын жолугушусу өттү.

Министрдин орун басары С.Болотов жыйындын катышуучуларына жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, таштандыларды топтоо жана кайра иштетүү көйгөйлөрү, энергетика тармагын реформалоо, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча маалымат берди. Корей тараптын алдыңкы технологияларын эске алып, Сежин компаниясынын бул сапары абдан актуалдуу экенин баса белгиледи.

Кюнгёнг Ли мырза Сежин компаниясынын ишмердүүлүгү, ар кайсы өлкөлөрдө полигон газын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүү тармагында ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Кюнгёнг Ли мырза Ош шаарына жана Ош шаарындагы таштанды таштоочу жайларга болгон иш сапары жана Ош шаарында таштанды газын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу мүмкүндүгү тууралуу маалымдады.

Тараптар артыкчылыктуу болуп саналган бул долбоор боюнча кыргыз тарапка колдоо көрсөтүү чараларын, ошондой эле Тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну ишке ашыра ала турган башка багыттарды жана потенциалдуу долбоорлорду талкуулашты.

Маалымат иретинде:

Sejin G&E компаниясы таштандыдан энергия өндүрүүгө адистешкен жана глобалдык жылуулуктун негизги себептери болгон метан жана көмүр кычкыл газынын эмиссиясын азайтып, электр энергиясын өндүрүү үчүн энергия булагы катары калдыктарды колдонуу менен туруктуу өнүгүүгө салым кошуу менен иштейт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу