Экономика министрлигинин башчысы Россия Федерациясынын Элчиси менен болгон жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулады

Новости
27-Август 2019-ж.
3891

2019 - жылдын 26 - августунда, Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов Россия Федерациясынын Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрушүндө Тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты жана эки тараптуу соода жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча учурдагы мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти. 

Мындан тышкары, Тараптар эки өлкөнүн аймактар аралык кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин баса белгилешти.

Ошондой эле Тараптар, Москва күнүн өткөрүү алкагында соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Москва өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйынын Бишкек шаарында (2019-жылдын 11-14-сентябрларында) өткөрүүнү макулдашышты. Кыргыз-Москва өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында өткөрүү пландаштырылууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар достук маанайда тосуп алуу жана мындан аркы жемиштүү кызматташтык маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу