Кыргыз Республикасы – ЕБ Кызматташтык боюнча комитетинин 18-отурумунда мындан аркы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө макулдашылды

Новости
08-Апрель 2022-ж.
2049

2022-жылдын 6-апрелинде министрдин орун басары Канат Абдрахманов Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде өткөн Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин кызматташтыгы боюнча комитетинин 18-жыйынына катышты.

Бул жолугушууда бардык маселелердин комплекси, анын ичинде соода-экономикалык багыттагы маселелер каралды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары К.Абдрахманов Европалык партияга Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, тактап айтканда, эки тараптуу соода, ВСП+ баяндамасы жана жашыл экономика тууралуу маалымат берди.

Тараптар мындан аркы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу