Жашыл экономика

Жашыл экономика – бул адамдын ресурстарга жоопкерчиликтүү мамилесин болжолдогон экономикалык өнүгүүнүн модели. Ал экономикалык өсүш менен жаратылыш байлыктарын сактоонун ортосунда орток пикирди табууга багытталган. Бул өнүгүүнүн туруктуулугу жана бул дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын да эң маанилүү узак мөөнөттүү максаты болуп калууда. Бирок ага жетүү үчүн экономиканы жашыл кылуу зарыл.

Узак убакыт бою Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле, негизинен жаратылыш ресурстарын интенсивдүү жана сарамжалсыз пайдалануунун эсебинен экономикалык өсүшкө жетишүүгө багытталган эле. Акыркы жылдарда экологиялык жана социалдык факторлорду талаптагыдай эсепке албастан, экономикалык өсүштүн азыркыдай жолу менен кете берүү, азыркы муундар үчүн дагы ошондой эле келечектеги муундар үчүн да коркунуч келтирээри айкын.

Кыргыз Республикасында жашыл экономика түшүнүгү адамдардын жашоо турмушун жогорулатууга жана социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө, ошол эле учурда айлана-чөйрө үчүн тобокелдиктерди олуттуу кыскартууга, табигый капиталды сактоого жана көбөйтүүгө, ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана өлкөнүн табигый экосистемаларын сактоого дем берүүчү экономика катары аныкталган.

Жашыл экономикада кирешенин жана иш менен камсыз кылуунун өсүшү, көмүртекти бөлүп чыгарууну жана булгоочу заттардын чыгарылышын азайтуу, аялдар жана эркектер үчүн жеткиликтүү жашыл жумуш орундарын жана калктын жашоосу жана ден соолугу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, энергияны, ресурстарды жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мамлекеттик жана жеке инвестициялар тарабынан камсыздалат.

Тема боюнча жаңылыктар:Жашыл экономика
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу