Париж келишиминин кол коюлгандыгына 10 жыл толгондугуна карата уюштурулган сессияда «COP30 жана глобалдык климаттык аракеттердин келечеги» деген негизги тема талкууланды.
Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө министр Бакыт Сыдыков Кыргызстандын туруктуу өнүгүү жаатындагы эл аралык милдеттенмелерге берилгендигин белгилеп, өлкөнүн жашыл жана климаттык саясат боюнча негизги жетишкендиктерин белгилеп өттү.
Аталган жетишкендиктердин катарына төмөнкүлөр кирет:
- Улуттук аныкталган салымдын (УАС 3.0) үчүнчү версиясын даярдоо;
- 2028-жылга чейин Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн экинчи программасын иштеп чыгуу;
- Институционалдык бекемдөөгө жана климаттык чараларды координациялоого багытталган Улуттук адаптациялык планды (УАП) иштеп чыгуу.
Министр өзгөчө көңүлдү Кыргызстандын жашыл жана климаттык инвестицияларды тартуу үчүн негиз түзгөн жашыл технологиялар, долбоорлор жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча биринчи улуттук классификатор — Жашыл таксономияны иштеп чыгууга жана киргизүүгө бурду.
Климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирлерине өзгөчө дуушар болгон тоолуу өлкө катары Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерди аткарууда жана өлкө менен аймактын туруктуу келечегин бекемдөөгө болгон чечкиндүүлүгүн улантууда.