Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов 2025-жылдын 4–5-февралында Франциянын Париж шаарында өткөн ОЭСР тобунун кеңейтилген сессиясынын биргелешкен жыйынына катышты. Иш-чаранын темасы: «Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чараларын жана экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу чараларын интеграциялоо: Чыгыш өнөктөштүгү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мисалы».
Жыйын 25 өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн, эл аралык уюмдардын мүчөлөрүн жана эксперттерди чогултту.
Санжар Болотов
– «Жашыл» жана туруктуу чакан жана орто ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн колдоо;
– Пайдалуучу кен байлыктарды туруктуу казып алуу: Евразиядагы стратегиялык мааниге ээ чийки заттар;
– Борбор Азиядагы климаттык кызматташтык темасындагы сессияларда баяндама жасады.
Жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экологиялык туруктуулукту камсыздоо боюнча иш-чаралары, Улуттук стратегиялык мааниге ээ минералдар долбоорунун иштелип чыгышы жана «жашыл» экономиканын жаңы этабы тууралуу баяндама жасады.
Мындан тышкары, ал ОЭСРдин Евразия бөлүмүнүн Глобалдык байланыштар жана кызматташтык департаментинин, Global Sovereign Advisory, UNIDO, FAO жана башка делегациялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, мындан аркы кызматташтык пландарын талкуулады.
ОЭСР өкүлдөрү Кыргызстанга жакынкы убакта сапар менен келип, учурдагы жана пландалып жаткан долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Андан сырткары, Санжар Болотовдун талапкерлиги ОЭСРдин Экологиялык иш-чаралар боюнча максаттуу тобунун Бюросуна 2025–2026-жылдарга сунушталды.