Кыргызстандын жаштары – жашыл экономика үчүн! “Жашыл Толкун” сынагынын жыйынтыктары

Новости
27-Июнь 2025-ж.
200

27-июнда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов «Жашыл толкун» сынагынын жеңүүчүлөрүн дипломдор жана баалуу белектер менен сыйлады. Мыкты долбоорлорго бизнес-коомчулук жана өнөктөштөр тарабынан мындан аркы коштоо жана колдоо көрсөтүлөт.

Сынак өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын жана кесиптик лицейлеринин студенттерин бириктирип, «жашыл» чечимдерди жана экологиялык жоопкерчиликтүү демилгелерди сунуштоочу аянтчага айланды. Катышуучулар туруктуу өнүгүү жана «жашыл» ишкердик жаатындагы билимдерин жана көндүмдөрүн көрсөтө алышты.

Иш-чара #КРЭКМ аянтчасында өтүп, JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан Кыргызстан жаштарынын «жашыл» экономика багытындагы потенциалын өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бул долбоор Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жаштарды тартуу боюнча маанилүү кадам болду.

Онлайн кайрылуу