КР ЭКМ министри «Астана» эл аралык форумунун алкагында ЕАӨБнын сессиясына катышты

Новости
29-Май 2025-ж.
430

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министри Бакыт Сыдыков «Астана» эл аралык форумунун алкагында өткөн Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) «Евразия: глобалдык тенденцияларга таянып, өсүү мүмкүнчүлүктөрүн ачуу» темасындагы сессиясына катышып, баяндама жасады.

Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө министр Кыргызстандын МинКаб тарабынан аткарылып жаткан негизги иштерди белгилеп өттү, алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

 • жашыл экономиканын принциптерин жайылтуу;

 • туруктуу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү;

 • экологиялык жактан таза чечимдерди жана санариптик логистиканы киргизүү.

Министр Кыргызстан эл аралык кызматташтыкка ачык экенин баса белгилеп, туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлорго инвесторлорду катышууга чакырды.

Онлайн кайрылуу