КР жашыл экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө GIZтин даярдыгы жөнүндө

Новости
08-Февраль 2023-ж.
2047

2023-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өлкө боюнча директору Виктор Вецел мырзанын жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушууда Ч.Сейитов В.Вецел мырзаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады. Ал жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар жана өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле министрликтин көзөмөлдөгөн багыттары, кабыл алынган программалар жана стратегиялар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү, соода, транспорт коридорлору, жашыл экономика, өзгөчө аз көмүртектүү транспорт маселелери талкууланды.

Өз кезегинде В.Вецел мырза GIZ жашыл экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын, ошондой эле 2024-жылдан тарта аймактык сооданы өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорду ишке ашырууну жарыялады.

Мындан тышкары түрдүү тармактарда кызматташуу жана учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.


Онлайн кайрылуу