Бүгүн, 2024-жылдын 21-сентябрында Экономика жана коммерция министрлигинин эмгек жамааты Улуттук тазалык күнүнө карата кезектеги ишембиликке чыкты.
Массалык ишембилик бүткүл өлкө боюнча өткөрүлүп, МЭК кызматкерлери Абдымомунов, 207 дарегинде жайгашкан министрликтин имаратынын айланасындагы таштандыларды тазалап, санитардык абалды жакшыртуу, тазалоо жана көрктөндүрүү максатында ишембиликке жигердүү катышышты.
Эске салсак, жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү ишембисинде кеңири коомчулуктун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрдүн аймактарды таштандыдан тазалоо жана тазалыкты туруктуу сактоо боюнча аракеттерин бириктирүү максатында дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» (World Cleanup Day) экологиялык акциясы өткөрүлүп келет.
Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилиги шаардын тазалыгына ар бир жаран кам көрүшү керектигин баса белгилейт.