2025-жылдын 26–27-февралында Борбордук Азиялык жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) жана Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (КРПМБА) тренер-консультанттар үчүн тренинг (ТоТ) өткөрдү. Анын максаты – адистерди «жашыл» технологиялар жана ресурстарды туруктуу пайдалануу боюнча билим жана инструменттер менен камсыз кылуу.
Тренингде жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына «жашыл» чечимде
рди киргизүү талкууланды. Көбүнчө бул программалар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорго басым жасагандыктан, экологиялык демилгелер жетишсиз камтылып келет. БАЖБА жана КРПМБА консультанттары ЖӨБ органдарына мындай долбоорлорду натыйжалуу пландаштырууга көмөктөшүп жатышат.
Ошондой эле, тренингге Швейцария өкмөтүнүн колдоосундагы Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү катышып, муниципалдык-жеке өнөктөштүк аркылуу ийгиликтүү ишке ашкан «жашыл» долбоорлор тууралуу маалымат беришти.
Иш-чара GIZ, BMZ, ЕБ, Швейцария Өкмөтү, ЕККУ жана И. Арабаев атындагы КМУнун Жашыл технологиялар борбору менен биргеликте кызматташтыкта уюштурулду.