Туруктуу өнүгүүгө карай кадам: Экономикалык моделдөө жана анализ борбору ачылды

Новости
03-Июль 2025-ж.
461

КР экономика жана коммерция министрнин орун басары Санжар Болотов М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин алдында ачылган Экономикалык моделдөө жана анализ борборунун расмий ачылыш аземине катышты.

Иш-чара 2025-жылдын 3-июлунда өтүп, ага академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөр катышты.

Борбор #КРЭКМ, КЭУ жана GIZ программасынын кызматташуусунун алкагында, Германия, Швейцария жана Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн.

Борбор #КРЭКМ, КЭУ жана ВMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн биргеликте каржыланып GIZ тарабынан ишке ашырылып келе жаткан «Кыргызстанда жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасынын алкагында түзүлгөн.

Экономика жана коммерция министрлиги Борбордун ачылышын жашыл экономиканы институционалдаштыруунун жана экономикалык саясаттын сапатын жогорулатуунун маанилүү кадамы катары карайт. Жаңы Борбор — мамлекет, илим, бизнес жана эл аралык уюмдар үчүн кызматташуу жана диалог жүргүзүү аянтчасы болуп кызмат кылат.

Онлайн кайрылуу