КР ЭКМ жашыл экономиканы жана жеке секторду өнүктүрүү маселелери талкууланды

Новости
28-Март 2025-ж.
266

2025-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде «Кыргыз Республикасында жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасынын Байкоочу кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Байкоочу кеңеш – бул GIZ программасынын ишке ашырылышына коомдук көзөмөлдү камсыз кылган маанилүү түзүм. Кеңеш мамлекеттик органдар, эл аралык өнөктөштөр жана жеке сектор ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкка көмөктөшүп, программанын иш-чаралары улуттук приоритеттерге жана бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарына шайкеш келүүсүн камсыз кылат.

Жыйынды КР экономика жана коммерция министринин орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы Санжар Болотов ачты.

Өз сөзүндө Санжар Болотов Программанын өнөктөштөрүнө Кыргызстанда туруктуу өнүгүүгө кошкон салымы жана тыгыз кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, программанын жыйынтыктары, жетишкендиктери жана жашыл экономика боюнча мамлекеттик чаралар тууралуу маалымат берди.

Программанын өнөктөштөрү жана GIZ өкүлдөрү төмөнкү багыттар боюнча учурдагы ишмердүүлүк жана келечектеги пландар жөнүндө маалымат менен бөлүшүштү:

  • Жашыл саясат (Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн укуктук базаны түзүү, туруктуу каржылоо);
  • Жашыл ыкмаларды жана практикаларды жайылтуу (туруктуу туризм, айыл чарбасындагы инновациялык технологиялар, органикалык өндүрүш);
  • Экологиялык маалымдуулукту жогорулатуу (экологиялык шаардык пландаштыруу, жашыл билим берүү).

Белгилей кетсек, бүгүнкү улуттук деңгээлдеги талкуунун алдында Ош жана Каракол шаарларында аймактык Байкоочу кеңештердин жыйындары өтүп, аларда Программанын аймактардагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга карата иш планы талкууланган.

Бүгүнкү талкуулардын жыйынтыктары жана иштелип чыккан сунуштар программанын ишке ашырылышын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү менен жеке сектордун туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында пайдаланылат.

Маалымат үчүн: «Кыргыз Республикасында жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы GIZ тарабынан BMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн биргелешкен каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Онлайн кайрылуу