ЭКМ кызматкелери кесиптик майрамын “Кара-Булак” этнокомплексинде белгилешти

Новости
06-Июнь 2022-ж.
1595

...Иштин башы ишемби дегендей, дем алыш күнү Экономика жана коммерция министрлигинин эмгек жамааты кесиптик майрамын кереметтүү ажайып кооз Ала-Тоонун койнундагы “Кара Булак” этнокомплексинде өткөрүштү. Тыным албай жааган жамгырдан кийин тоо койну өзгөчө көрккө бөлөнгөн. Жол бою түркүн-түстүү гүл жайнаган жаратылышка суктанып келатып, этно-комплекске кантип жеткенибизди  сезбей деле калдык. 


Эмгек менен эс алууну айкалыштырып, министрликтин кызматкерлеринин дараметин арттыруу максатында уюштурулган жашыл экономиканы өнүктүрүүго арналган семинарга катыштык. Жашыл экономиканы моделдештирүүго арналган семинар  суроо-жооп иретинде болуп, өтө кызыктуу өттү.


Баарынан да түшкү тамактануудан кийин улуттук оюндардын өтүшү эч кимди кайдыгер калтырбады. “Аркан тартыш” оюну көпчүлүктүн эсинде көпкө чейин сакталаар. Министрдин беш орун басары беш командага бөлүндү. Министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов “Кырк чоро”, министрдин орун басарлары - Айнура Үсөнбекова “Кызыл өрүк”, Вероника Исаева “Опора”, Искендер Асылкулов “ККМ”, Канат Абдрахманов “Асман” командалары менен мелдешке катышты.


Биринчи орунду И.Асылкуловдун “ККМ, экинчи орунду Ч.Сейитовдун “Кырк чоро”, үчүнчү эки орунду В.Исаеванын “Опора” жана К.Абдрахмановдун “Асман” командалары ээледи.


“Аркан тартыш” оюнун жана дегеле ошол күнкү атмосфераны  кара сөз менен сүрөттөп  берүү кыйынга тураар. Эргүү күтүүсүздөн келген соң, ошол маанайды ыр менен берүүгө туура келди.


               Корпоратив духу

Нелер болбойт бул жашоодо жалганда,

Кара-Булак жайлоосуна барганда.

Жамаат менен чер жазышып эс алдык,

Барган дагы, барбаган да арманда.


Данияр мырза жаш болсо да, баш болуп

Астыбызга дүйүм тамак-аш коюп.

Эсте калып аркан тартыш оюну,

Шаңга толду Ала-Тоонун коюну.


“Кырк чорого” Чоро мырза дем берип,

Дене-бойдон алка-шалка тер кетип.

Жеңиш үчүн күрөш бүйүр кызытты,

Андан ары көрүп алгын кызыкты.


Жигиттерден кыздар артта калбады,

Оюн кызып ага моокум канбады.

Айнура айым, Вероника айымдар,

Кудум эле кыз Сайкалдай чамдады.


Салыкчылар иштерине сак экен,

Асылкулов командасы так экен.

Колдорунан чыгарышпай намысты,

Баш байгени багындырып алышты.

“Кырк чоро” да баатырларча кармашты,

Кудай жалгап 2-орун ага артты.

Кем калышпай командасы Канаттын,

Бул оюнда чоң ийгилик жаратты.


Бирди эмес, миңди жыгат билимдүү

Корпоратив духу даана билинди.

Ынтымактуу жамаатта иштөө чоң сыймык,

Аз да болсо көтөрүшүп жүгүңдү. 


Алмаз Абдраев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу