Кыргызстан деңиздеги биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо боюнча БУУ Макулдашуусуна кол койду

Новости
18-Июль 2025-ж.
100

2025-жылдын 17-июлунда Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков улуттук юрисдикциядан тышкаркы аймактардагы деңиздеги биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча (BBNJ) Макулдашуунун негизги документине кол койду.

Макулдашуу деңиздеги биологиялык ресурстарды коргоо жана туруктуу пайдалануу, деңиз генетикалык ресурстарына жетүүнү жөнгө салуу, эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү жана деңиз экосистемаларын башкарууну чыңдоо максаттарын көздөйт.

Кыргыз Республикасынын бул эл аралык документке кошулуусу өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык аракеттерге берилгендигин дагы бир ирет тастыктайт. Деңизге түз чыгуунунжоктугуна карабастан, Кыргызстан глобалдык экосистемалардын өз ара байланышын жана аларды сактоо боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн тааныйт.


BBNJ Макулдашуусу Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында көп тараптуу эл аралык келишим катары иштелип чыгып, Туруктуу өнүгүү боюнча күн тартибиндеги 14-мақсат – “Деңиз экосистемаларын сактоо” боюнча иш-чаралардын бир бөлүгүн түзөт. Макулдашуу ачык деңиз мейкиндиктериндеги биологиялык ар түрдүүлүктү эл аралык деңгээлде коргоо механизмдерин күчөтүүгө багытталган.

Онлайн кайрылуу