Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов “Жашыл экономика – 2024” аймактык форумунун алкагында уюштурулган Green Expo көргөзмөсүн ачты

Новости
23-Октябрь 2024-ж.
626

2024-жылдын 23--октябрында Бишкекте “Жашыл экономика – 2024” аймактык форумунун алкагында «Green Expo» көргөзмөсү болуп өттү, анда алдыңкы компаниялар экологиялык таза технологиялар жана туруктуу өндүрүш жаатындагы жаңы иштеп чыгууларын жана чечимдерин көрсөтүштү. Көргөзмөнүн катышуучулары көмүртектин изин азайтууга жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууну оптималдаштырууга багытталган алдыңкы өнүмдөр жана кызматтар менен тааныша алышты.


Ошону менен бирге, "Жашыл экономика – 2024" форумуна 500дөн ашык адам, анын ичинде "жашыл" экономика жаатындагы эл аралык эксперттер, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр, мамлекеттик мекемелердин жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чара "жашыл" экономикага өтүү, экологиялык таза технологияларды киргизүү жана ресурстарды туруктуу башкаруу маселелерин талкуулоо үчүн негизги аянтча болду. Өзгөчө көңүл практикалык иш-чараларга жана ар кандай тармактардын ишканаларында экологиялык таза технологияларды киргизүүнүн ийгиликтүү мисалдарына бурулду.


Пленардык сессиялар жана панелдик талкуулар учурунда катышуучулар төмөнкү темаларды талкуулашты:


 
 

Энергиянын натыйжалуулугу жана кайра жаралуучу энергия булактары;

Таштандыларды башкаруу жана циркулярдык экономикага өтүү;

Туруктуу туризм;

Жашыл» долбоорлор үчүн финансылык инструменттер.


Катышуучулар "жашыл" экономиканы өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чечимдерди изилдөө жана жайылтуу, экологиялык таза инновацияларды жана стартаптарды колдоо жана туруктуу өнүгүүгө өтүүнү тездетүү максатында бизнес, мамлекеттик жана илимий коомчулук ортосунда кызматташуунун мындан аркы кадамдарын талкуулашты.




Онлайн кайрылуу