Жашыл таксономия

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Жашыл таксономиянын толукталган долбоорун коомдук талкууга чыгарат


Министрлик негизги мамлекеттик органдары, жеке сектордун өкүлдөрү, ассоциациялар, эл аралык финансылык институттар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан келип түшкөн сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен толукталган жашыл таксономиянын долбоорун коомдук талкууга чыгарат.



Жашыл таксономиянын долбоорунда төмөнкү өзгөрүүлөр киргизилди:

  1. Улуттук жана эл аралык контексттердеги максаттары жана милдеттери такталды;
  2. Аныктамалары такталды;
  3. Шайкештик процедурасынын деталдаштырылды;
  4. Инфраструктуралык, курулуш жана энергетика долбоорлорундагы экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди контролдоо боюнча талаптар күчөтүлдү;
  5. Продукциянын мамлекеттик статистикалык классификаторунун (ПМСК) 3-версиясынын коддору кошулду жана ПМСКнын 3.5 же 4-версиясын түзүү үчүн сунуштар киргизилди;
  6. Экологиялык жана социалдык тобокелдиктерге баа берүүнү колдонуу зарыл болгон долбоорлордун босоголук көрсөткүчтөрү боюнча кошумчалар киргизилди;
  7. Фискалдык преференциялар боюнча графа кошулду;
  8. Товардык номенклатуранын жаңы позициялары кошулду;
  9. Айрым чектөөлөр жоюлду.


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бардык кызыкдар тараптарды жашыл таксономия долбоорун талкуулоого чакырат. 

Сиздердин негизделген сунуштарыңыздар жана аргументтештирилген комментарийлериңиздер бул документти Кыргыз Республикасы үчүн максималдуу пайдалуу кылууга жардам берет.


Негизделген сын-пикирлерди жана сунуштарды 2024-жылдын 15-июлуна чейин төмөнкү электрондук почта аркылуу жөнөтсөңүздөр болот: stratplan@mineconom.gov.kg.


Маалымат катары: 


Жашыл таксономия – бул техникалык критерийлерге жооп берген долбоорлордун, иш-аракеттердин жана товарлардын төмөнкү талаптарга жооп берген:


•          экономиканы декарбонизациялоонун улуттук максаттарына;

•          кыйыр же түздөн-түз энергияны үнөмдөөчү же энергияны үнөмдөөчү же ресурстарды үнөмдөөчү касиетке ээ, же бул касиеттерди ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү;

•          парник газдарынын эмиссиясын азайтууга мүмкүндүк берүүчү;

•          кайра жаралуучу булактардан энергияны керектөө үчүн тааныш энергияга айландырууга мүмкүндүк берүүчү;

•          айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын санын азайтуучу;

•          парник газдарынын эмиссиясына түздөн-түз салым кошпогон, бирок БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын колдогон тармактарда туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө мүмкүндүк берүүчү;

•          климаттын өзгөрүшүнүн таасирине ыңгайлашууга мүмкүндүк берүүчү улуттук классификатору.


Жашыл таксономия жашыл долбоорлорду/товарларды/кызматтарды бирдиктүү түшүнүүнү жана аныктоону, жашыл жана климаттык инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүнүн негизги куралы болуп саналат.


Жашыл таксономия Кыргыз Республикасы үчүн олуттуу мааниге ээ, анткени ал:


Туруктуу өнүгүү максаттарына, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө көмөктөшөт;

Аз көмүртектүү жана ресурстарды үнөмдөөчү экономикага өтүүнү стимулдайт;

Жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууга көмөктөшөт;

Туруктуу каржылоонун эл аралык рыногунда Кыргыз Республикасынын позициясын бекемдейт.



Green Finance Taxonomy Draft 2 rev 1 Kyrgyz.pdf

Annex 1 Green Taxonomy Criteria Tables _ PDF.pdf

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу