«Жашыл экономика-2023» форуму Борбордук Азия чөлкөмүнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн орун алган кыйынчылыктарды биргелешип жеңүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташууга көмөк көрсөтүүгө багытталган

Новости
16-Ноябрь 2023-ж.
1405

Бул тууралуу 2023-жылдын 16-ноябрында Дасмия этникалык комплексинде “Жашыл экономика-2023”: “Борбордук Азия регионун туруктуу өнүктүрүүнүн бирдиктүү максаттары” аймактык форумунун алкагындагы пресс-конференцияда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Ал белгилегендей, бул демилге ЖИА Бизнес Ассоциациясынын, Кыргызстан Банктар Бирлигинин, Кыргызстандын Микрофинансылык Уюмдарынын Ассоциациясынын, Альянстын активдүү катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин BMZ, ЕС жана SDC биргелешип каржылоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү үчүн университеттердин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, Кыргыз Республикасындагы Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү программасы; БУУнун агенттиктеринин демилгелери Жашыл экономика үчүн өнөктөштүк аракеттери (PAGE), ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу астында ишке ашырылууда.

Учурда Борбордук Азияда глобалдык трансформация процесстери жүрүп жатат. Глобалдык чакырыктардын жана геосаясий толкундоолордун алкагында эл аралык коомчулуктун Борбор Азия чөлкөмүнө болгон кызыгуусу өсүп, Борбордук Азия өлкөлөрү менен ар тараптуу кызматташуу күч алууда. Буга 2023-жылы Борбордук Азия мамлекеттеринин катышуусу менен ар кандай жогорку деңгээлдеги эл аралык жолугушуулардын, тактап айтканда, Кытай-Борбордук Азия саммити, С5+1 саммити жана Германия-Борбордук Азия саммитинин өткөрүлүшү далил болот.

Борбор Азия-Япония саммитин 2024-жылы өткөрүү пландалууда. Глобалдык жана аймактык чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, учурдагы макулдашуулардын негизинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана алардын биргелешкен демилгелерин өнүктүрүү боюнча бул конкреттүү практикалык чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл:

- климаттын өзгөрүшүнүн тобокелдиктерин азайтуу;

- региондордун экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу;

- Борбордук Азия чөлкөмүнүн эл аралык коомчулук менен артыкчылыктуу багыттар боюнча макулдашылган өз ара аракеттенүүсү;

- бүтүндөй Борбордук Азия регионунун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу.

Форум Борбордук Азия чөлкөмүнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн орун алган кыйынчылыктарды биргелешип жеңүүгө көмөктөшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты илгерилетүү максатын көздөйт, - деп билдирди КР ЭКМ башчысынын биринчи орун басары Ч.Сейитов.

Ал ошондой эле бул платформа бардык кызыкдар тараптардын ортосунда ишкердик байланыштарды түзүүгө, тажрыйба алмашууга жана аларды глобалдык деңгээлде макулдашылган жылдыруу үчүн аймактык масштабдагы потенциалдуу демилгелерди аныктоого көмөктөшөөрүн белгиледи.

Форумдун катышуучулары жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жана жеке секторлордун өз ара аракеттенүүсүнүн позитивдүү эл аралык практикасы жана бизнес секторун “жашылдандырууга” дем берүү боюнча колдо болгон инструменттер менен таанышат. Мындан тышкары, катышуучулар Борбордук Азия өлкөлөрүндө жашыл экономиканы жана жашыл демилгелерди илгерилетүү тажрыйбасы, , атап айтканда, жашыл энергетика, жашыл транспорт, туруктуу финансы жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү секторлору менен таанышат. Алар ошондой эле байланыштарды түзө алышат жана аларды кийинчерээк глобалдык деңгээлде макулдашылган жылдыруу үчүн аймактык масштабдагы потенциалдуу демилгелерди аныктай алышат.

Форумга катарлаш «Жашыл ЭКСПО-2023» өтүп жатат, чет өлкөлөрдөн келген коноктор жана бизнес-делегациялар үчүн Бишкектин айланасындагы жашыл объектилерге экскурсия уюштурулду.

Ошондой эле глобалдык деңгээлде макулдашылган жылдыруу үчүн пленардык сессиялар жана тармактык талкуулар өткөрүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу