КР ЭКМ башчысынын орун басары Бакуда БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына катышты

Новости
15-Ноябрь 2024-ж.
436

2024-жылдын 14-ноябрында Азербайжандын Баку шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын (COP29) тараптарынын 29-конференциясынын алкагында “Кыргыз Республикасынын туруктуулугуна карай: жашыл жана климаттык каржылоо мүмкүнчүлүгү” темасында тематикалык күн болуп өттү.

Тематикалык күндү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, КР Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, “Элдик Банк” ААК, ПРООН, АӨБ,  АӨЖ, БАРЭК институту, ЕАӨБ, АЭКБнын катышуусу менен уюштурушту, КРда ОНУВ  NDC Partnership ишке ашыруу процессин колдоо.

КР ЭКМ министринин орун басары Санжарбек Болотов “жашыл” экономиканы өнүктүрүү алкагында Министрликтин жүргүзүп жаткан иштери: кабыл алынган жана иштеп чыгуу стадиясында турган программалык документтер, суу ташкындарына каршы күрөшүү, геотермалдык энергетиканы, өлкөнүн тоолуу аймактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлор ж. б. тууралуу маалымат берди.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасында жашыл жана климаттык каржылоону мобилизациялоо үчүн механизмдерди жана инструменттерди киргизүү боюнча потенциалдуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле жашыл демилгелерди ишке ашыруу үчүн ресурстарды мобилизациялоо боюнча биргелешкен иш үчүн мамлекеттик органдар, инвесторлор жана эл аралык өнөктөштөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн аянтча болуп калды.


Онлайн кайрылуу