Басма сөз билдирүү: "Жашыл экономика - 2024" регионалдык форуму 23-октябрда өтөт!

Новости
11-Октябрь 2024-ж.
959

2024-жылдын 23-октябрында Бишкек шаарындагы "Дасмия" этно-комплексинде "Жашыл экономика - 2024" регионалдык форуму өткөрүлөт. Бул иш-чара Борбордук Азияда туруктуу өнүгүү жана экологиялык таза технологиялар боюнча маанилүү маселелерди талкуулоо жана ийгиликтүү тажрыйбаларды бөлүшүү үчүн өзгөчө маанилүү аянтча болот.


Форум "жашыл" экономикага өтүү жолдорун талкуулоо үчүн өкмөттөрдүн, бизнес өкүлдөрүнүн жана эл аралык уюмдардын ортосунда пикир алышууну камсыз кылат. Негизги талкууланчу темалар: жашыл энергетика, туруктуу туризм, таштандыларды башкаруу жана экологиялык таза курулуш болот. Ошондой эле, Борбордук Азияда туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн "жашыл" каржылоо мүмкүнчүлүктөрү каралат.


Иш-чаранын алкагында пленардык сессиялар жана атайын талкуулар уюштурулат, анда катышуучулар аймактагы экологиялык туруктуулукка багытталган эл аралык демилгелерди жана долбоорлорду ортого салышат.


Форум Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан UNDP, ОБСЕ жана GIZ сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулган.


Кошумча маалымат алуу жана иш-чарага катталуу үчүн уюштуруучулар менен байланышсаңыз болот: Сатыбалдиева Алтынай — Эл аралык каржылоо, жашыл экономика жана туризм башкармалыгынын башкы адиси, КР Экономика жана коммерция министрлиги, электрондук почта: stbdva@gmail.com, телефону: +996 551 159 494.

Сайт: https://greeneconomy2024.tilda.ws/ 



Онлайн кайрылуу