Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Экономика жана коммерция министрлиги менен кореялык компаниялар – EVSIS компаниясы, Кореянын экологиялык унаа транспорту ассоциациясы жана NGS компаниясы менен өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол койду. Бул документ Бишкек шаарында экологиялык таза электр унаалар үчүн кубаттоочу инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорду биргелешип ишке ашырууну пландайт.
Меморандум кызматташууну тереңдетүүгө багытталган жана:
• электр унаалар үчүн заманбап кубаттоочу инфраструктурасын түзүү жана иштетүү;
• абанын сапатын жакшыртууга жана көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтууга көмөктөшүү;
• тармактык тенденциялар жана нормативдик-укуктук база боюнча тажрыйба жана маалымат алмашуу;
• экологиялык транспорттун артыкчылыктарын жайылтуу боюнча маалыматтык жана агартуу кампанияларын жүргүзүү багыттарын камтыйт.
Жана ошондой эле, долбоордун алкагында корей тарап Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен техникалык окутуу жана стажировкалар боюнча программаларды ишке ашыруу багытында кызматташат. Өзгөчө көңүл өнөр жай менен илимий чөйрөнүн өз ара аракеттенүү системасын түзүүгө бурулат. Бул даярдалган адистерди жумушка орноштурууга жана кубатточу инфраструктурасын тейлөө боюнча жергиликтүү эксперттик деңгээлди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.