Кыргызстан жана GGGI Самаркандда туруктуу өнүгүүнү талкуулады

Торгпредства КР
08-Апрель 2025-ж.
373

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Глобалдык жашыл өсүү институтунун (GGGI) башкы директору Санг Хёп Ким менен «Борбор Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өнүгүү үчүн консолидация» аттуу эл аралык конференциянын алкагында жолугушту.
 
Жолугушууда таза энергия, туруктуу айыл чарба, аймактарды өнүктүрүү жана экологиялык транспорт сыяктуу негизги тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Парник газдарынын чыгарылышын азайтуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү, ошондой эле көмүртекти жөнгө салуу механизмдерин өздөштүрүү боюнча чараларга өзгөчө көңүл бурулду, бул климаттык тобокелдиктерди минималдаштырууга жана "жашыл" экономикага кошумча инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.
 
Тараптар Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн жашыл күн тартибинин стратегиялык маанисин баса белгилешти жана экологиялык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы этабы катары Кыргызстанда GGGI өлкөлүк кеңсесинин ачылышын белгилешти. Бул өлкөнүн экологиялык жана экономикалык жактан өсүп-өнүгүсү, мындан аркы демилгелер үчүн негиз болот деп күтүлүүдө.
 
Министр, GGGI менен кызматташуу углеродду азайтуу жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу маанилүү экенин белгиледи. Тараптар келечектеги кызматташтыкты, тажрыйба алмашууну жана биргелешкен экологиялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн ресурстарды мобилизациялоого даяр экенин билдиришти.

Онлайн кайрылуу