Кыргызстан «жашыл» экономикага карай жолдо: CBAM боюнча семинарга катышуу

Новости
24-Апрель 2025-ж.
162

#КРЭКМ орун басары Санжар Болотов Европалык Биримдик жана Эл аралык соода борбору тарабынан колдоого алынган Ready4Trade Central Asia долбоорунун алкагында уюштурулган CBAM боюнча семинарга катышты.

Санжар Болотов катышуучуларга кайрылуу сөзүндө эл аралык климаттык механизмдерди улуттук саясатка интеграциялоонун маанисин белгиледи. Ал мындай иш-чараларга катышуу өлкөнүн туруктуу өнүгүү жаатындагы потенциалын чыңдоого жана ишкердик үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөрүн айтты.

Семинар CBAM’дын техникалык жана нормативдик аспектилери, ошондой эле анын Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн кесепеттери тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга багытталган. Семинардын жүрүшүндө механизмдин негизги элементтери, Европа Биримдигинин Omnibus пакетинин талаптары, ошондой эле CBAM’дын укуктук жана саясий аспектилери талкууланды.

Иш-чара Кыргызстан эл аралык климаттык милдеттемелерге берилгендигин жана экологиялык шайкештикти камсыздоого умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.

Онлайн кайрылуу