Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги дарак отургузуу менен 100 жылдыкты белгилеп, жашыл экономика багытын бекемдейт

Новости
12-Октябрь 2024-ж.
401

2024-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына карата 100 дарак отургузуу акциясы өттү. Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык донорлор, каржылык институттар жана министрликтин кызматкерлери катышты. Акцияга Кыргыз Республикасынын экономика министри Данияр Амангельдиев жетекчилик кылып, бул кадамды туруктуу өнүгүү жана өсүүнүн символу катары белгиледи.


"Кыргызстан жашыл экономика стратегиясына өткөнүнө сыймыктанабыз," — деп баса белгиледи министр. "Бүгүнкү дарак отургузуу — бул биздин келечекке жасаган салымыбыз. Жашыл экономиканын өнүгүшү туруктуу өсүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп, улуттук саясаттын артыкчылыктуу багытына айланды. Бул иш-чара биздин экологиялык жоопкерчилигибизди жана узак мөөнөттүү бакубатчылыкка умтулуубузду туюнтат."


Министрлик мындан ары да экономикалык өсүш менен айлана-чөйрөнү коргоону айкалыштырган туруктуу өнүгүү боюнча демилгелерди ишке ашырууну улантат.


Акция "Ынтымак" паркында жана Абдрахманов көчөсүнүн Ахунбаева менен Суюмбаева көчөлөрүнүн ортосундагы жол тилкесинде өттү. Бардык катышуучулар Кыргызстан үчүн экологиялык жактан таза жана гүлдөгөн келечекти түзүүгө багытталган аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти.

Онлайн кайрылуу